Жаткыра чапса да кайра туруп кыл чайнашкан боксчулардын видеосу

6-апрель күнү Польшада бокс мелдеши өтүп беш раунддук беттеште 10 жолу нокдаун катталды. Рингге орто салмактагы Роберт Таларек менен Патрик Шиманский чыккан. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Sputnik

Эки мушкер тең мыкты коргонуу кол салуу экенин жакшы түшүнүп, бири-бирине сокку узатып жатты.

Өзбекстандык боксчу каршылашын 19 секундада сулата чапты. Видео
Видеодон көрүнгөндөй, биринчи раундда Шиманский артыкчылык кылып каршылашын жаакка төрт ирет муштаган. Бирок Таларек да жөн калган жок. Ал үчүнчү, төртүнчү раундда катуу чабуулга өтүп атаандашын сулата чаап турду.

Эреже боюнча спортчунун бири көбүрөөк сокку жеп калса, беттеш токтотулушу керек. Күйөрмандар бири-бирине тынбай сокку узаткан спортчулардын дем-күчүнө, кайратына таң калышты.

Кыл чайнашкан беттештин жыйынтыгында техникалык нокаут менен Роберт Таларек жеңүүчү болду.