Бишкекте өлкөнүн эң сулуу айымы тандалды. Сүрөттөр

Өлкөнүн эң сулуу айымы наамы үчүн 24 келин ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте "Кыргызстан ханышасы — 2019" сулуулар сынагы болуп өттү. Иш-чараны Studiо Almazova мекемеси уюштурган.

Өлкөдөгү эң сулуу айым наамына 24 катышуучу ат салышты. Алар финалда жаш курагы боюнча 20-35 жана 35-50 жаштагылар болуп эки категорияга бөлүндү.

Казакстанда эң сулуу бийкеч тандалды. Сынактын сүрөттөрү
20-35 жаштагылар арасында 29 жаштагы эки балалуу келин Адина Калназарова жеңип чыкты. Ага эл аралык "Дүйнөлүк туризм ханышасы — 2019" конкурсуна жолдомо берилди. Экинчи орунга 34 жаштагы Айзада Давлетова, үчүнчүгө 23 жаштагы Раяна Азаматова татыды.

Экинчи жаш курак боюнча биринчи орунга үч баланын энеси Гулира Алымкулова чыкты. 41 жаштагы жеңүүчү эми эл аралык "Бриллиант айым — 2019" кароосуна катыша алат.

Андан кийинки орунду 39 жаштагы Жылдыз Искакунова ээледи. Лидерлер үчилтигин 50 жаштагы Толкун Молдокулова жыйынтыктады.