Абылгазиев өзүнө кеңешчи дайындады

Буйрукка өкмөт башчы кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Премьер-министрдин кеңешчиси болуп Кубатбек Рахимов дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскерте кетсек, буга чейин премьердин үч кеңешчиси бар болчу.