Радио

Манасчы: "таарынсаң Таласка бар" деген сөз "Манас" эпосунан калган

Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев "Манас" эпосунда мамлекет башчысынан тарта жөнөкөй жаранга чейин үлгү ала турчу баалуулуктар көп экендигин айтты.
Sputnik
Манасчы: "таарынсаң Таласка бар" деген сөз "Манас" эпосунан калган

Эпостогу 40 чоронун ар биринин өз орду, өнөрү болгон. Манас алардын жаңылганын жектебей, кемчилигин кектебей айкөлдүк менен мамиле кылган. Чоролордун образы азыркы турмушта да көп кездешет. Бул тууралуу манасчы Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Манастын айкөлдүгүндөй сапат бүгүнкү күндө ар бир кыргыз жаранына керек.

"Манаста үлгү ала турчу баалуулуктар абдан көп. Мен эпостогу 40 чоронун образын турмушта да көрүп келем. Мисал катары Кыргыл чалдын образын алсак болот. Ал Манаска канчалык жамандык кылбасын, баатыр анын жаңылганын жектебей, кемчилигин кектебей, эрдигин эске алып, чоро кылып алып жүргөн. Ушул сымал айкөлдүн даанышмандыгынан, көрөгөчтүгүнөн, лидерлик сапаттарынан мамлекет башчыдан тартып жөнөкөй жаранга чейин үлгү алышы керек. "Манастан эмне үйрөнөбүз?" дегенде, анын айкөлдүгүн үйрөнүшүбүз зарыл дээр элем. "Таарынсаң Таласка бар" деген сөз хан Манастын айкөлдүгүнөн улам айтылып калган. Анткени Манас эл-жерине таарынып келгендерге аты жокко ат мингизип, тону жокко тон кийгизип батырып алган. Мына ушундай сапаттарынан биз сабак алсак болот", — деди манасчы.

Ошондой эле ал "Манас" эпосун изилдеп, жайылтууга көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.