Сегиз жылдан кийин мекенине келген Шевченконун сапары кандай өтүүдө. Сүрөттөр

Sputnik

Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен кечээ, 7-апрелде, келген. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, кесиптештери жана күйөрмандары салтанат менен тосуп алышкан.

Толкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, "Даңк" орденин тапшырды.

Андан соң журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, кечке жуук күйөрмандары менен жолукту. Эртең Ош шаарына барат.

Валентина Шевченко акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. UFC жылдызы муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

1 / 18
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко Бишкекке 7-апрелде келген
2 / 18
Мушкерди бийлик өкүлдөрү "Манас" аба майданынан салтанат менен тосуп алышты
3 / 18
Андан кийин күйөрмандар спортчуну жолтандабаска салып алып кетишти
4 / 18
Бүгүн, 8-апрелде, мушкерди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, "Даңк" орденин тапшырды
5 / 18
Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов жана Кулатуу эр таймаш федерациясы менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү
6 / 18
Журналисттер бир катар суроолорду узатышты
7 / 18
Валентина Шевченко учурда эң башкы максаты чемпиондук курун коргоо экендигин белгиледи
8 / 18
Мушкер бир жарым сааттык маалыматтык жыйындан кийин күйөрмандары менен жолугушуу үчүн соода борборлордун бирине барды
9 / 18
UFC чемпионун көрүүгө миңдей киши чогулду
10 / 18
Шевченкого Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев "КРдин эмгек сиңирген спортчусу" наамын ыйгарды
11 / 18
Мушкер акыркы ирет Кыргызстанга 2011-жылы келген
12 / 18
Айрым күйөрмандар мушкерди көңүл бурдуртуу үчүн өзгөчө костюм кийип алышкан
13 / 18
Валентина Шевченко былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон
14 / 18
Мушкер кыз менен селфиге түшүүнү каалагандар көп болду
15 / 18
Минтип октагондун кол кабын да кийип келгендер болду
16 / 18
Күйөрмандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип жооп алышты
17 / 18
UFC чемпиону Валентина Шевченко менен сүрөткө түшкөн күйөрманы эл алдында жашып кетти
18 / 18
Бир сааттык жолугушуудан кийин мушкер кызга ак чепкен жаап, белек-бечкек тапшырып узатышты