Жээнбеков Валентина Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлады

Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков UFC жылдызы Валентина Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жээнбеков Валентина Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлады

Билдирмеге караганда, мушкердин машыктыруучусу Павел Федотовго "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" наамы ыйгарылды. 

Тиешелүү Жарлыкка президент кол койгон.

Эске салсак, Валентина Шевченко 7-апрелде машыктыруучусу менен Кыргызстанга келди. Аны "Манас" аэропортунан аткаминерлер жана күйөрмандар тосуп алды. Мушкер 8-апрелде Бишкекте, 9-апрелде Оштогу күйөрмандары менен жолугушат.