Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашат. Чек ара маселеси талкууланды

Иш-чара 4-6-апрель күндөрү Душанбе шаарында өтүп, ага вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган делегация катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажистандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу КРдин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара 4-6-апрель күндөрү Душанбе шаарында өтүп, ага вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган делегация катышты.

"Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасынын ар кайсы жеринде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкаларын алмашуу жана ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун аягында тараптар мамлекеттик чек ара сызыктарын белгилөөнү аяктоого даяр экенин билдиришти.