Бишкектин коомдук транспорту электрондук билетке өтөт. Тендердин жеңүүчүсү аныкталды

8-майга чейин аталган компания менен келишим түзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкектеги коомдук транспортко электрондук билет системасын киргизүү долбоору боюнча тендерди Швейцариянын BPC AG компаниясы утуп алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тендер эки этап менен өткөн. Швейцариялык компания долбоорду ишке ашыруу үчүн 24 миллион 120 миң сом сунуштаган. 8-майга чейин аталган компания менен келишим түзүлөт.

"Ошентип BPC AG компаниясы долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымды жана аны ишке киргизүүнү толук өзүнө алат. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аягына чыкканда система толугу менен муниципалдык менчикке өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия тендерди 2019-жылдын 11-январында жарыялаган болчу.