Радио

Курманов: коомдук жайлардагы Wi-Fi акысыз болгону менен кооптуу

Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов компьютердик клубдардан аккаунт ачпоо керектигин айтты.
Sputnik
Курманов: коомдук жайлардагы Wi-Fi акысыз болгону менен кооптуу

Коомдук жайлардагы Wi-Fi тутумуна кошулуу кооптуу. Анда ар кандай вирустар болушу мүмкүн. Кара ниет хакерлер атайын вирустарды ойлоп табат. Алар сиз Wi-Fi аркылуу жаңы аккаунт каттаганыңызда же өзүңүздүн баракчаңызга киргенде сыр сөзүңүздү жаттап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай вирустардын тузагына чөнтөк телефондору да оңой илинет.

"Коомдук жайларда роутер аркылуу өткөн акысыз интернеттер хакерлер тарабынан тыңшалышы мүмкүн. Мындай тыңшоолор интернеттин ишин жайлатпайт жана колдонуучуга байкалбайт. Адатта хакерлердин тузагына белгисиз шилтемелерге кирүү менен түшүп калабыз. Ошондуктан кандайдыр бир шилтемеге кирерде өтө сак болгон туура. Шилтеме аркылуу сиздин смартфонуңузга же компьютериңизге вирус кирет. Ал экран бетине чыгып, сизге көрүнбөйт. Вирус аркылуу хакер сиздин түзүмдөгү болгон социалдык аккаунттарыңыздын, почтаңыздын сыр сөздөрүнө ээ боло алат. Андыктан кандайдыр бир маалымат алууда шилтеме аркылуу өтпөй, сайттын өзүнө кириңиз", — деди Курманов.

Адис сыр сөз тандоодо сегиз орундан аз эмес жана тамга, белги, сан кошулган комбинацияга көңүл буруу зарыл экендигин эскертти.