"Астанада, ой, Нур-Астанада..." Казакстан вице-министринин адашкан видеосу

Борбор калаа Нур-Султан деп 23-март күнү өзгөргөн. Бирок шаардын тургундары астаналыктар бойдон калышты.
Sputnik

Казакстандын финансы боюнча биринчи вице-министри Берик Шолпанкулов социалдык тармакта борбор калаанын атын айтып жатып адашып, жылдызга айланды.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганы боюнча аткаминер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бир нече жолу адашып кеткен.

"Алматы, Астана... ой, Нур-Астана шаарларында, кечиресиңер, Нур-Султанда", — деп сөзүн оңдоп кеткен.

Казакстанда Астанадан кийин дагы үч шаардын атын өзгөртүү сунушталды
Көпчүлүк чиновниктин адашканын түшүнүү менен кабыл алды десек болот. Айрымдар көнбөгөндүктөн ушундай кырдаалга туш болуп жатканын белгилешти.

Эскерте кетсек, Астана Нур-Султан болуп 23-мартта өзгөргөн. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымын борбор калаага ыйгаруу сунушун жаңы дайындалган өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев 20-март күнү сунуштаган.