Унаа менен кууп барып карактаган. Кара-Көлдө шектүүлөр колго түштү

Унааны тинтүү учурунда ичинен тапанча, бир нече бычак, акча жана документтер табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

7-апрель түнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өз арызында Кара-Көлдүн чет жакасында Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары аны кууп, тапанча менен коркутуп, эки миң сомдон ашык акчасын карактап кетишкенин билдирген.

"Шектүү катары 21 жаштагы А.К., 20 жаштагы О.Д. (экөө тең иштебейт) жана 17 жаштагы А.Б. (9-класстан кийин окуусун таштап салган) кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Унааны тинтүү учурунда ичинен тапанча, бир нече бычак, акча каражаты жана документтер табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен каттоого алынды.

Кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.