Финансы министрлиги убадалаган каражат Мамлекеттик ипотекага которула элек

Бул үчүн өкмөттүн буйругу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекага убадаланган 500 миллион сомду которо элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Мамлекеттик ипотека компания" ААКынын төрагасы Бакыт Шамкеев билдирди.

Быйыл аталган компания бюджеттен 500 миллион сом алышы керек эле. Бул үчүн өкмөттүн буйругу керек.

"Абал мурдагыдай эле. Буйрукка өкмөт тарабынан кол коюла элек. Каражат банк менен жүгүртмөдөгү акчанын эсебинен берилип жатат. Каражат бөлүнсө, насыя берүү тездетилет", — деди Шамкеев.

Мамлекеттик ипотекалык насыянын максималдуу көлөмү — 3 миллион сом. Коюмдар алгачкы төлөмдү (10-30 пайыз) эске алуу менен 7-11 пайызды түзөт. Төлөп бүтүү мөөнөтү — 15 жылга чейин.