Бишкектин айрым райондорунда газ өчөт. Тизме

Тизмеде борбор калаанын 10 көчөсү жана шаардын чет жакасындагы аймактар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар райондорунда 12-апрелге чейин газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Көгүлтүр от өчө турган аймактар:

8-12-апрель аралыгында Пригородное айылынын Дорожная, Нижняя, Новая, Береговая көчөлөрүндө;

Үйдө суу жылыткыч болсо, ичүүчү суунун тарифи кымбаттайбы? Мекеменин жообу
8-10-апрель Көк-Жар кичирайонунун №22, 23 үйлөрүндө;

Мындан сырткары, 10-апрелден 12-апрелге чейин Махатма Ганди, Түлөбердиев, Кокчетавская, Манас, Васильев, Исанов, Фрунзе, Тоголок Молдо көчөлөрү жана Жибек Жолу, Манас проспектилеринде газ берүү үзгүлтүккө учурайт.

Компания кызматкерлери түтүктөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөкчү.