Жүргүнчү сатып алган 2,5 литр сүтүн аэропортто калтырбаш үчүн ичип салды

Турист сүттү арзандатуу болуп жаткан жерден сатып алып, үйүнө алып барууну каалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кытайлык турист Австралиянын бажысынан сатып алган 2,5 литр сүтүн ыргытпаш үчүн аны ичип салды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Кыргызстанга кире да, чыга да албайт. "Манас" аэропортунда жашап жаткан жигит
Турист сүттү арзандатуу болуп жаткан жерден сатып алып, үйүнө ала барууну каалаган. Кытайда бул сүт 13 эсе кымбат турат.

Ал качан гана аэропорттун бажы көзөмөл өткөрүү пунктуна келгенде суюктукту учакка алып кирүүгө болбой турганын билген. Мындан улам бөтөлкөнүн оозун ачып туруп, ошол жерден баарын кулкулдатып жутуп салган. Анын бул жоругун досу видеого тартып алган.