Көлдүн Ак-Суусунда жолчулардын техникасын көчкү басып калды. Сүрөт

Бульдозер көчкү алдында калса, экинчи техниканы көчкү тоодон ылдый кулатып алып кеткен.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 8-апр. — Sputnik. 7-апрель күнү саат 16:30дар чамасында Ак-Суу районунун Эңилчек айылына барчу жолдо тазалоо иштери жүрүп жатканда ири кар көчкү жүрүп, техникаларды басып калган. Бульдозер көчкү алдында калса, экинчи техниканы көчкү тоодон ылдый кулатып алып кеткен. Бактыга жараша, жолчулар качканга үлгүрүп калышканын аймактык кабарчы билдирди.

Көчкүнүн кесепетинен №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Тариел Жаныбеков жана бир жумушчу жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Жол жана транспорт министрлигинин Жол чарба департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүковдун маалыматына таянсак, учурда бул жол убактылуу жабылып, тазалоо жана техникаларды чыгаруу иши жүрүп жатат.

"Ал жерде мурунку күнү 500 куб метрдей көчкү түшкөн. Аны тазалап жаткан учурда 400 миң куб метрдей кар көчкү жүрүп кеткен. Анын узундугу 400 метр, бийиктиги 6-7 метрди түзөт. Азыр ал жерде эки техника иштеп жатат, дагы бир техника тартылды. Кудай жалгап, жолчулар аман-эсен. Жол эки күндүн аралыгында ачылышы керек", — деди Күчүков.

Учурда тазалоо жана техникаларды чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат.