БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Талас облусунун ЖКККБнын кайгуул унаасын сүзгөн окуянын сүрөттөрүн жиберди.
Эске салсак, 5-апрель күнү саат 23.00дөр чамасында Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында КамАЗ кайгуул унаасынын капталын сүзүп, 46 жаштагы инспектор көз жумган.
Милициядан билдиришкендей, кайгуул унаасы негизги трасса менен бара жатып сол тараптагы бурулушка кайрылганда жүк ташуучу унаа келип сүзгөн. Унаада үч кызматкер болгон. Алар ооруканага жеткирилгенден кийин 46 жаштагы инспектор үзүлгөн. Ал эми анын эки кесиптеши жеңил жаракат алган.
Жол кырсыктан кийин жеңил унаа металлга айланып калган.
Маркумдун артында үч баласы калды.