Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту жабылып, жаңысы толук ишке кирди. Видео

Эми бардык каттамдар жаңы "Стамбул" аэропортунан аткарылат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке киргенин Hurriyet басылмасы жазды.

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын директору Билал Экшинин жергиликтүү ЖМКларга берген маалыматы боюнча Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту 7-апрелден тарта жабылды.

​Билал Экши ошондой эле 7-апрелден тарта бардык багыттар боюнча каттамдар жаңы аэропорттон ишке ашырыларын билдирди.

Кыргызстанга кире да, чыга да албайт. "Манас" аэропортунда жашап жаткан жигит
"Ататүрк" аэропортунан Стамбул аэропортуна болгон акыркы көчүү 6-апрелде жыйынтыкталган.

"Стамбул" аэропорту расмий түрдө 2018-жылы 29-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан ачылган. Аэропортко 500 учак, 70 миңден ашык автоунаа батат. Андан сырткары, аэропорт жылына 200 миллион жүргүнчүнү тейлей алат.

Аэропорттун курулуш иштери 2023-жылы толук аяктаганда күнүнө 2 миң учакты кабыл ала баштайт.

Ал эми "Ататүрк" аэропорту 1953-жылы эл аралык учуп-конууларды кабыл ала баштаган. 1985-жылы 29-июлда "Ататүрк" аты берилген.