Эл 28 жыл күткөн мектептин пайдубалына капсула салынды. Ак-Суудагы сүрөттөр

Айылга мектеп куруу 1991-жылы эле пландалып, орду казылган.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 7-апр. — Sputnik. Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында Сеит Кулматов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды.

Россиялык меценат Ысык-Көлдөгү балдар үйүнө 74 тонна курулуш материалдарын берди
Капсула салуу салтанаты 6-апрель күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин катышуусу менен өттү. Аткаминер быйыл аталган курулушка 5 миллион сом гана бөлүнгөнүн, кийинки жылдары көбүрөөк каражат каралып, мектепти үч жылга жетпей бүтүрүү мерчемделип жатканын билдирди.

Ал эми Каражал айыл өкмөтүнүн башчысы Сагын Баракановдун айтымында, эски мектептин үч имараты бар, анын бири 1978-жылы салынса, дагы бири 1948, үчүнчүсү 1947-жылы курулган.

"Үч имарат тең авариялык абалда. Учурда анда 326 окуучу билим алат. 1991-жылы эле айылга мектеп куруу пландалып, орду казылган. Бул күндү биз 28 жылдан бери күтүп келгенбиз. Мындан төрт жыл мурда мектебибиз авариялык абалда экени аныкталган", — деди Бараканов.

Жаңы салына турган 320 орундуу мектептин жалпы сметасы 48 миллион 790 миң сом. Каражатты "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу" бөлөт.

Облус жетекчиси Осмоналиевдин маалыматы боюнча Ак-Суу району боюнча авариялык абалда турган беш мектеп бар.