Радио

Жусупов: электрондук билеттин пилоттук долбоору май-июнь айларында иштей баштайт

Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Жусупов Бишкек шаарындагы коомдук транспорттор сентябрь айынан тарта толук кандуу электрондук билетке өтөрүн айтты.
Sputnik
Жусупов: электрондук билеттин пилоттук долбоору май-июнь айларында иштей баштайт

Бишкекте электрондук билеттин пилоттук долбоору май-июнь айларында иштей баштайт. Бул тууралуу Кубан Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Россиянын автобустарын Кыргызстанга алып келүү маселеси каралып жатат.

"Учурда Россиядан чыккан автобустарды алып келүү маселеси каралып, планга киргизилүүдө. Россиянын президенти Владимир Путиндин 28-марттагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында транспорт тармагындагы бир нече келишимдерге кол коюлду. Россиянын автобустары биринчиден, биздин жолдорго ылайыктуу. Экинчиден, алар газ менен иштейт. Негизи автобустардын иштөө мөөнөтү 8 жыл болсо, аталган мамлекеттин автобустары 10-15 жыл кызмат кылат", — деди Жусупов.

Ал, мындан сырткары, Россиянын автобустары электрондук билет менен иштөөгө даяр экенин кошумчалады.