Унаанын тамтыгы чыгып калган. Бишкектеги үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү

Милиция аталган даректе жол кырсыгы болгонун ырастады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкектин Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганын күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, сүрөттөрүн Telegram каналы аркылуу жиберишти.

Окуя бүгүн, 7-апрелде, саат 21.00дөр чамасында болгон. Сүрөттө көрүнүп тургандай, Nissan үлгүсүндөгү унаанын бир капталы талкаланып, Mercedes автосунун алдыңкы бөлүгү майрыйып калган.

Тез жардам кызматы менен милиция аталган дарек боюнча чакыруу түшкөнүн ырастап, бирок жабыркагандар бар-жогу боюнча маалымат түшө электигин билдиришти.