Атамбаев баштаган КСДПчылар Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерди. Сүрөт

Резолюцияда белгиленген талаптар аткарылбаса, эки айдан кийин кайрадан митинг өтүп, масштабдуу иш-чаралар уюштурулаары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Форум" ишканасынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПчылар Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерди.

Бул иш-чарага депутаттар Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Карамат Орозова, Асел Кодуранова жана башкалар келди.

Президент менен экс-президент "Ата-Бейитке" гүл коюп, апрелчилерди эскерди
2010-жылы Апрель окуясында каза болгондорду эскерүүнүн соңунда атайын резолюция кабыл алынып, ал жети пунктудан турат. Аталган документте Апрель элдик революциясынын идеяларын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө урматтоо талабы жазылган.

Андан сырткары, резолюцияда белгиленген талаптар аткарылбаса, эки айдан кийин кайрадан митингге чогулуп, масштабдуу иш-чаралар уюштурулаары айтылган.