Президент менен экс-президент "Ата-Бейитке" гүл коюп, апрелчилерди эскерди

Чогулгандар курман болгондорду эскерип, маркумдардын элесине багыштап куран окушту.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эскерүү иш-чарасында чогулгандар курман болгондорду эскерип, маркумдардын элесине багыштап куран окушту.

Эмдиги жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленет
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары жана башкалар катышты.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен кийин президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду.