Жүздөгөн адамдын каны төгүлүп... Апрель революциясын эске салган 18 сүрөт

Sputnik

2010-жылдагы апрель окуялары 123 адамдын өмүрүн алган. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. Кийинки жылы өлкө Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрөт. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

1 / 18
"Форум" имаратынын алдына митингчилерди таратуу үчүн келген милициянын унаасына оппозициячылар кол салышкан
2 / 18
Оппозиция өкүлдөрү милиционерге кол салды. Сүрөт "Форум" имаратынын алдынан тартылган
3 / 18
Митингге чыккандар милиция кызматкерлерин коргоп, аларга кагылышуу болгон жерди таштап кетүүгө жардам беришүүдө. Сүрөт "Форум" имаратынын алдынан тартылган
4 / 18
"Ала-Тоо" аянтына багыт алган эл
5 / 18
Оппозиционерлер менен ОМОНдун кагылышуусу
6 / 18
Жабыркаган жаранды Ак үй алдынан коопсуз жайга алып кетишүүдө
7 / 18
Митингге чыккандар ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөп салышкан
8 / 18
Бакиев Бишкектен түштүк аймакка качып, ал жактан өзүн колдогон митинг уюштурган. Сүрөттө Бакиевдин жан сакчылары
9 / 18
Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдындагы өрттөнгөн унаалар
10 / 18
Курманбек Бакиев ошол кездеги мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы, иниси Жаныш Бакиев менен Оштогу митингде
11 / 18
Мародерлор Бакиевдин үйүн талкалоодо
12 / 18
7-апрель Кыргызстанда Элдик апрель революциясы күнү деп жарыяланып, дем алыш күн болду
13 / 18
Башкы прокуратуранын жалын каптаган имараты
14 / 18
Революциянын эртеси...
15 / 18
Башкы прокуратуранын имаратынын алдында кылмыш иштери боюнча кагаздарды окуп жаткан кишилер
16 / 18
Көчө шыпыргыч борбордук Ала-Тоо аянтын тазалап жатат
17 / 18
Ак үйдүн тосмосуна илинген кулактандыруу. Активисттер жабыркаган адамдарга кан берүүнү суранышкан
18 / 18
Апрель окуясы жалпысынан 123 кишинин өмүрүн алып, жүздөгөн кишини майып кылды