Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева дүйнө салды

Маркум 77 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева каза тапканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ыйлаган, кубанган Советбек Жумадылов... Залкар актердун сүрөттө калган ирмемдери
Балыкбаева көптөн бери ооруп жүргөнү айтылды. 6-апрель күнү түштө бөйрөгү иштебей калып борбор калаадагы атайын ооруканада көз жумган. Маркумдун сөөгү 8-апрель күнү жерге берилет, азырынча кайда коюлары белгисиз.

Жаркын Балыкбаева өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы училищеде актердук чеберчилик боюнча сабак берип келген. Ал КРдин Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Эске салсак, тенор үндүү белгилүү ырчы 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.

Белгилей кетсек, Балыкбаева өзү Сокулук районунун Жыламыш айылынан. Ал "Айыл өкмөтү", "Боз салкын", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Белгисиз маршрут" тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.