Москвада кыргыз-тажик ТИМ жетекчилери жолукту. Чек ара маселеси козголду

Кыргызстан, Тажикстандын президенттеринин катышуусу менен өтө турган 2019-жылга пландалган тышкы саясий иш-чараларга даярдануу да талкууланган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

УКМК: вице-премьер Разаковдун тажик чалгын органдарына тиешеси жок
Иш-чара КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында, 5-апрелде болду.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эки өлкөнүн чек арага жакын аймактарындагы ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө багытталган чараларды, эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жандандыруу маселелерин талкуулаган.

"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жигердүү улантуунун маанисин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын катышуусу менен өтө турган 2019-жылга пландалган тышкы саясий иш-чараларга даярдануу маселелери боюнча сүйлөшкөн.