Ош: бир үй-бүлө түшкөн унаа аласалып, эл жардамга чуркады. Видео, сүрөттөр

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik

Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көчөдө айдоочусу рулга ээ боло албай калган унаа жол четиндеги арыкка кулап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө аймактык кабарчы билдирип, сүрөт, видеолорун жөнөттү.

Ош: бир үй-бүлө түшкөн унаа аласалып, эл жардамга чуркады. Видео, сүрөттөр

Анын айтымында, кырсык болжол менен саат 16.40тарда болгон. Унаа чыгыш тараптан батышты көздөй бара жаткан.

"Машинанын ичинде күйөөсү, аялы жана алардын эки баласы бар экен. Төртөөнү тең эл унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына салып беришти. Жабырлануучулар шаардык ооруканага жеткирилди", — деди ал.

Ушу тапта кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатканы кошумчаланды.