Алкоголду таштагандан кийин деле ал мээни талкалаганын уланта берет

Магниттик томография алты жума бою оозуна бир тамчы арак албаган кишинин мээсинде дагы деле деградация болуп жатканын көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Адам спирт ичимдиктерин ичпей калгандан кийин дагы анын терс таасири мээни жабырката берет. Бул тууралуу JAMA Psychiatry басылмасындагы илимий макалага шилтеме берип ВВС жазды.

Түн ичинде дааратканага баруу олуттуу оорудан кабар берет
Окумуштуулар мындай чечимге аракечтиктен дарыланууга келген 90 кишинин мээсин иликтеп чыккандан кийин келген. Магниттик томография алты жума бою оозуна бир тамчы арак албаган кишинин мээсинде дагы деле деградация болуп жатканын көрсөткөн.

Мындан улам адистер чычкандарга иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында алкоголго көнүп, кийин ичимдик берилбей калган жаныбарлардын мээсинин эмоция, кабыл алуу жана эске тутууга жооп берген бөлүктөрү катуу жабыркаганы аныкталган.