Суудагы ташка кептелип... Кадамжайда үч күн изделген баланын сөөгү табылды. Сүрөт

8 жаштагы жеткинчекти үч күн бою 48 куткаруучу менен жергиликтүү тургундар издеген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кадамжайдын Кара-Жыгач айылында сууга түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Эске салсак, бала Исфайрам суусуна 3-апрель күнү түшүп кеткен.

Сөөк 5-апрель күнү болжол менен саат кечки сегиздерде табылган. Баланын эки чоң таштын ортосуна кептелип калганы айтылууда. Жеткинчектин сөөгү ата-энесине берилди.

ӨКМдин маалыматында баланы үч күн бою 48 куткаруучу менен жергиликтүү тургундар түп көтөрүлө издегени айтылат.