Жамгырда тигилген көчөттөр. Имам жана чиркөө өкүлүнүн ишембиликтеги сүрөттөрү

Максат — конфессиялар арасындагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү, алака-катнаш түзүү жана аны бекемдөө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда ар кыл дин өкүлдөрү биргелешип бүгүн жамгыр алдында Бишкектин борборундагы скверлердин бирине бак отургузду. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат катчысы Назгүл Кадырназарова кабарлады.

Комиссиядан бул иштер менен конфессиялар арасындагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү, алака-катнаш түзүү жана аны бекемдөө максаты көздөлгөндүгүн билдиришти.

Имамдар менен чиркөө кызматкерлери футбол ойноду. Күтүлбөгөн жыйынтык
Бүгүн борбор калаанын борборундагы паркта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Орус православ чиркөөсү, Рим-католик чиркөөсү, Будда коомчулугу жана дагы бир катар конфессиялардын өкүлдөрү көчөт отургузуп, аталган жайдын айланасын тазалаган.

Иш-чаранын катышуучуларына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов ыраазычылык билдиргендиги айтылат.