Абылгазиев Апрель революциясында курман болгондордун жакындарына жолукту. Сүрөт

Премьер-министр бир нече коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Апрель революциясында курман болгондордун туугандары жана жабыркагандар менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга "Мекен шейиттери", "Жаркын Элес", "Эр Теги", "Айкөл Ала-Тоо", "Апрель Баатырлары", "Апрель. Элим. Кыргызстан", "Апрель Баатырлар Биримдиги", "Айкөл Таза коом" жана "Баатырларга таазим" коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышкан.

"Революцияны карапайым адамдар жасашты, алар ак ниеттери менен адилетсиз, үй-бүлөлүк башкарууга каршылык көрсөтүштү. Биз ошол окуяларды ар дайым эсибизде сактоого тийишпиз жана биздин курман болгон жарандарыбыздын элесин унуткара албайбыз. Бул окуялар болбосо, өлкөнүн заманбап тарыхы кандай нукта кетмек экендиги белгисиз", — деген Абылгазиев.

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөндүгүн айтты.

Эмдиги жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленет
Абылгазиев өкмөт Апрель революциясында жабыркагандарга жана курман болгондордун туугандарына социалдык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүнү улантарын айткан.

"Өкмөт сиздер менен сүйлөшүүгө дайым ачык жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө күч-аракеттерин салууну улантат. Биз туруктуулук жана тынчтыгы жок өлкөдө өнүгүү мүмкүн эмес экендигин түшүнүүгө тийишпиз", — деди премьер-министр.

Соңунда Абылгазиев бул коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө өкмөттүк сыйлыктарды тапшырган.