Радио

Имангазиева: Бишкекте төрөлгөн үч эмдерге 90 миң сом берилет

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева борбор калаада төрөлгөн эгиздерге шаардык бюджеттен 45 миң сом төлөнөрүн айтты.
Sputnik
Имангазиева: Бишкекте төрөлгөн үч эмдерге 90 миң сом берилет

Эгер үй-бүлөдө үч эм же андан көп бала төрөлсө, 90 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү пул ыйгарылат. Бул тууралуу Адиса Имангазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге шаардык кеңештин депутаттары өлкө боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул берүү мыйзамы кабыл алынгандан кийин келишкен.

"2018-жылдан тарта республика боюнча жаңы төрөлгөн балдарга өлкө казынасынан 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү пул бериле баштады. Бул мыйзам ишке кирген соң Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары эгиз балдар төрөлсө - 45 000, үч эм же андан көп бала жарык дүйнөгө келген учурда 90 000 сом шаардык бюджеттен бөлүп берүү боюнча токтом кабыл алган. Мындай сүйүнчү пулга ээ болуу үчүн эгиздердин же үч эмдин ата-энесинин шаарда туруктуу жашагандыгын аныктаган каттоосу болушу зарыл", — деди Имангазиева.

Эл өкүлү, мындан сырткары, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган жаш мугалимдерге, медицина кызматкерлерине багытталган башка да социалдык программалар бар экендигин кошумчалады.