Өзгөндө вагонду сүзгөн айдоочу мүрт кетти. Тамтыгы чыккан унаанын сүрөтү

42 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилди.
Sputnik

ОШ, 5-апр. – Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги вагонду сүзүп, ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

51 жаштагы айдоочудан сырткары жанындагы 42 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Кырсык 4-апрель күнү саат 17:55тер чамасында Өзгөн — Мырза-Аке жолунун 8-чакырымында болгон.

Райондук милициянын тергөө кызматы тиешелүү экспертизаларды дайындап, кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.