Кыргызстанда Россиянын колдоосу менен эки чек ара заставасы курулду

Чек арачыларга кандай шарттар түзүлгөнү маалымдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда "Көк-Серек" жана "Ак-Коргон" чек ара заставаларына курулган жаңы комплекстердин ачылышы өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, имараттардын комплекси эл аралык стандартка жооп берген заманбап инфраструктура менен салынган.

Жаңы комплекстин аймагында аскерлер катарга тизилчү плац, спорттук жана ок атып машыгуучу жайлар бар.

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча эмнеге унчукпай жатканын түшүндүрдү
Кыргызстандын Куралдуу күчтөр штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев заставалардагы жаңы чек ара комплекстеринин курулушу чек ара коопсуздугун бекемдеп, аскерлердин кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзөрүн билдирди.

"Көк-Серек" менен "Ак-Коргон" чек ара заставаларына жаңы комплекстерди куруу Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде ишке ашты.

Иш-чарага Дүйшөнбиевден сырткары Чек ара кызматынын өкүлдөрү, ФСБнын Кыргызстандагы ыкчам чек ара кызматынын өкүлдөрү, Россиянын Оштогу башкы консулдугу жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилик кызматтагы адамдары катышты.