Кыргызстанга түз келген инвестициянын саны кыскарды. Графика

Сырттан келген каражаттар негизинен кайра иштетүү, пайдалуу кендерди казуу, газ менен камсыздоо, соода-сатык тармактарына жумшалды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанга түз келген чет элдик инвестициянын көлөмү 569,8 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Бул 2017-жылга салыштырмалуу 47 миллион сомго аз.

Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График
Маалыматка караганда, КМШга кирбеген өлкөлөрдөн келген инвестициялар мурдагы жылга салыштырмалуу 11,2 пайызга азайды. Жалпысынан шериктеш мамлекеттерден келген каражаттын көлөмү 3,6 пайызга өскөнү менен Казакстан (1,6 эсе) менен Өзбекстан (2,5 эсе) инвестициянын санын азайтып койду.

Кытайдан келген каражат негизинен кайра иштетүү, пайдалуу кендерди казуу тармагына жана геологиялык чалгындоолорго жумшалды.

Ал эми россиялык инвестиция электр энергиясын өндүрүү, газ менен камсыздоо, соода-сатык жана транспорт секторлоруна керектелди.