Радио

Түз эфир учурунда студияга кирген уурулар конокторду карактап кетти. Видео

Кол салуу учуру Facebook баракчага түз эфир үчүн тартылып жаткан камерага түшүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бразилияда куралчан адамдар радиостанциялардын биринин студиясына түз эфир учурунда кирип келген.

Руслан Түмөнбаев: медалдарымды уурдагандар кайтарып берсе артынан түшпөйт элем
RT жазганына караганда, окуя шейшемби күнү Сан-Паулу штатындагы SPOT радиостудиясында болгон. Каракчылар программа аяктаарына бир нече мүнөт калганда кирип келишкен.

Кол салуу учуру Facebook баракчага түз эфир үчүн тартылып жаткан камерага түшүп калган. Полицияга биринчилерден болуп онлайн-трансляцияны көрүп жаткан адам кабарлаган.

Уурулар алып баруучулар менен коноктордун баалуу буюмдарын көтөрүп кетишкен. Учурда жергиликтүү полиция издөө иштерин аткарып жатат.