Боом капчыгайында төрт күн бою таш кулатылат

Жол маал-маалы менен жабылып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-11-апрель күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 140-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулатуу иштери жүрө турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Таш кулатуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында жасалат.

Ал эми жол кыймылы маал-маалы менен жабылып турары айтылды.