Радио

Орчунова: аял киши өзүн баалай билиши керек

Стилист Гүлзат Орчунова кыздардын турмушка чыксам жолдошум карайт деп ойлогону жаңылыштык экенин айтты.
Sputnik
Орчунова: аял киши өзүн баалай билиши керек

Аял өзүнө кандай мамиле жасаса, айланасындагылар да ошондой мамиле кылат. Мындай пикирин Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял өзүн жакшы карап, өзүн өнүктүрүүнү токтотпошу керек.

"Аял киши өзүн-өзү баалаганды билиши шарт. Өзүнө кандай мамиле жасаса, айланасындагылар да ага ошондой мамиле кылат. Аялзатынын аң-сезими ар кандай. Айрымдар турмушка чыксам жолдошум карайт деп ойлойт. Менимче, бул туура эмес ой жүгүртүү. Биринчиден, жолдошу менен мамилеси түбөлүк болоруна кепилдик жок, экинчиден, баланын түйшүгү баары бир атага эмес, энеге жүктөлөт. Андыктан аял өзүн жакшы карап, өзүн өнүктүрүүнү токтотпошу керек. Моралдык да, финансылык да жактан өстүрүшү абзел. Ал өзүн дайыма биринчи орунга коюшу керек. Ошондо гана айланасындагылардын мамилеси өзгөрө баштайт. Жолдошу кол көтөрсө, сөзсүз реакция кылууга акылуу. Зомбулукка чыдап отура бербей, андан чыгуунун жолун табуу зарыл", — деди Орчунова.

Ал аял кишинин оор жумушта иштебеши керектигин кошумчалады.