Апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленет. Жээнбековдун Жарлыгы

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты", — деп айтылат маалыматта.

Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, аны президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жетектемей болду. Курам менен президенттин сайтынан толук таанышууга болот. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.