Ала-Букада унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду

Айдоочунун 35 жашта экени маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука айылында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, көз жумган адам 35 жаштагы К.Э. аттуу тургун экени аныкталган. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.