Пресс-борбор

Жээнбеков Бишкекте өтчү "Өлбөс полкко" катышат. Уюштуруучулар билдирди

Эл топтолуп алып 9-май күнү саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан чыгып "Жеңиш" аянтына чейин жөө басып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтчү "Өлбөс полкко" катышмакчы. Бул туурасында борбор калаада акцияны өткөрүү боюнча жумушчу топтун төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында айтып берди.

"Биз менен жүрүшкө президент менен Жогорку Кеңештин спикеринин чыгары да айтылууда ", — деди ал.

Көчөгө батпай, ураалап кыйкыргандар. Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын видеосу
Кыймыл 9-май күнү саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан башталат. Чогулган эл ал жерден чыгып, Байтик баатыр менен Абрахманов көчөлөрүнөн Фрунзе көчөсүндөгү "Жеңиш" аянтына чейин жөө басып келет. Жолдун узундугу 6,6 чакырым болору айтылууда.

Жүрүш учурунда милиция коомдук тартипти көзөмөлдөп турат. "Өлбөс полкту" Бишкек мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестри менен Улуттук аскер лицейдин курсанттары коштойт.

Акция Бишкекте бешинчи жылы өтмөкчү.