Ош: унаа жуучу жайда күйүүчү май саткандарга иш козголду

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын өкүлдөрү да жоопкерчиликке тартылары айтылды.
Sputnik

ОШ, 4-апр. – Sputnik. Ош шаарынын Насирдин Исанов көчөсүндөгү унаа жуучу жайдын артында мыйзамсыз күйүүчү май сатылып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасы билдирди.

Кара-Суу: 61 жаштагы кишини сүзүп качып кеткен айдоочу табылды
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз күйүүчү май сатылып жаткан унаа жуучу жай А.С. аттуу жаранга тиешелүү экендиги аныкталган.

Ага байланыштуу унаа жуучу жайдын ээсине жана Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын айрым кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган ("Мыйзамсыз ишкердик") кылмыштын белгилери боюнча иш козголду.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилди.