БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Ага 111 депутат макул болсо, 3 депутат (Анвар Артыков, Исхак Масалиев, Асель Кодуранова) каршы пикирин билдирди.
Ал эми депутаттар Мирлан Жээнчороев, Данияр Аттокуров, Осмонбек Артыкбаев, Мухтарбек Айнакулов, Ирина Карамушкина, Насыр Мусаев жыйынга катышкан жок.
Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген.
Бирок Масалиев өзү демилгелеген мыйзам долбоорго экинчи окууда дагы, үчүнчү окууда дагы каршы добушун берди. Ал мындай кадамын түшүндүрүп да берген. Бүгүн, 4-апрелде дагы, 12-берененин аталышы эртеңки күнү Конституциялык палатанын алдында маселе жаратып калышы ыктымалдыгын айтты.
Аталган мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин сайтынан тааныша аласыз.