БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Twitter социалдык тармагынан келинчегине сөз тийгизген Конор Макгрегорго жообун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин ирландиялык мушкер Twitter тармагына Нурмагомедовдун жубайын "сүлгү" деп жазып, бирок анысын кийинчерээк өчүрүп койгон.
"Сен кылган ишиңе жооп бере албаган зөөкүрсүң. Ушулардын баары өзүңдүн башыңа тиет. Көрөсүң го", — деп жазган Нурмагомедов.
Ал арада россиялык спортчунун менеджери Али Абдель-Азиз Макгрегор анын аялын эле эмес, жарым миллиард мусулманды мазактады деп жазган.
2018-жылы 6-октябрда россиялык Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титулун коргоп калган. Нурмагомедов уткандан кийин октагондон секирип чыр чалган. Көп өтпөй окуянын чоо-жайы белгилүү болду. Анткен менен Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы россиялык спортчуну тогуз айга дисквалифициялап, 500 миң долларга айыпка жыккан.