Кыргызстан менен Тажикстан Душанбеде чек ара маселесин талкуулайт

Эки өлкөнүн тең делегациясын вице-премьерлер жетектейт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин караган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскер башкармалыгына шилтеме берип жазды.

“Делимитация жана демаркация боюнча кезектеги өкмөттөр аралык жыйында такталбаган чек ара тилкелери талкууланат”, - деди агенттиктин маектеши.

Анын айтымына караганда, тажик делегациясын вице-премьер Азим Иброхим жетектесе, Кыргызстандын делегациясынын башында вице-премьер Жеңиш Разаков турат.

Премьер Абылгазиев Баткенге барып, Ак-Сай — Тамдык жолун көрдү
Кыргыз-тажик чек арасындагы 976 чакырымдык тилкенин 504ү делимитацияланып жана демаркацияланган. Тактала элек калган бөлүгүнүн айынан чыр чыгып келет.

Эске салсак, Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушунан улам 13-март күнү Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чатак чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Тажикстандын тургундары жолдун курулушуна каршы чыкканы кабарланган.

Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүнүн натыйжасында аталган жолдун курулушу улантылган.