FIFA жаңы рейтингин жарыялады. Кыргызстан кайсы орунда?

Улуттук курама команда Азия кубогунан кийин ылдыйлап, ошол орунда турат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык федерациянын (FIFA) апрель айынын жыйынтыгы менен чыгарган рейтингинде өз позициясын сактап калды.

4-апрелге карата кыргызстандык команда 95-орунда турат.

Алдыңкы үч сап өзгөргөн эмес, Бельгиянын командасы биринчи орунда. Анын соңунан Франция менен Бразилия келе жатат. Төртүнчү сапка Хорватияны жылдырып Англия чыккан. 

​Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде Азия кубогунан кийин ылдыйлап кеткен. Февралдагы тизмеде 91-орундан 95ке түшүп, ошондон бери ушул позицияда.