Радио

Сайназаров: дин менен билимди бөлүп кароо мүмкүн эмес

"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров бардык диндерде билим алуу эң башкы милдет катары көрсөтүлөрүн айтты.
Sputnik
Сайназаров: дин менен билимди бөлүп кароо мүмкүн эмес

Билим менен динди бөлүп кароо мүмкүн эмес. Анткени билимдүү адам гана динди таанып биле алат. Ошондой эле тутунган динин туура түшүнгөн адам динде илим-билимдин орду чоң экендигине күбө болот. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам кайсыдыр бир динди тутунуудан мурда ал тууралуу окуп, такталган маалыматка ээ болуп, андан кийин гана чечим кабыл алганы туура.

"Бардык адамдар тигил же бул диндин өкүлү десек болот. Ар бир адам өзүнөн сырткары да кандайдыр бир нерсеге ишенет. Ошол ишенимди туура пайдалануу үчүн билимге ээ болуу зарыл. Азыркы тил менен айтканга светтик билимге ээ болбой туруп, жалаң гана диний ишеними менен жашап өтүү мүмкүн эмес. Анткени дин менен илим, билим ажырагыс бүтүндүк. Кайсы динди алып карабайлы, билим алууга олуттуу көңүл бурулат жана адамдарды билимдүү болууга чакырат. Соңку жылдары Мамлекеттик дин комиссиясы тарабынан динге катуу берилген инсандарга билимдин маанилүүлүгүн, билимдин артынан сая түшүп динди унуткандарга диндин ордун түшүндүрүү максатында көптөгөн алгылыктуу иштер жасалып жатат. Анын негизги мисалдары болуп, дин аалымдары коомдук жашоодогу ар кандай маселелерге дин кандай караарын түшүндүрүп, калкка жеткиргендиги эсептелет. Мындай аракеттер эки башка түшүнүктөгү адамдарды жакындатып, эң башкы позициябыз болгон адамгерчиликти өрчүтөт", — деди Сайназаров.

Ал социалдык тармактар аркылуу келген диний маалыматтарды колдонууда, таратууда алгач тактап, тиешелүү адистердин жообун алууну коомчулуктан суранып өттү.