Акыркы үч жылдан бери уюштурулуп жаткан "Жаз Деми" жарым марафону бул жылы 14-апрелде өтөт. Мындай маалыматты Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, катышуучулар 5, 10 жана 21 бир чакырым аралыкка чуркашат.
"Жаз Деми" — бул жарым марафон. Ал акыркы үч жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Иш-чаранын башкы максаты коомчулукту сергек жашоого үндөө болуп саналат. Ага быйыл 1500 киши катышары күтүлүүдө. Жарыш 5, 10 жана 21 чакырым аралыктарына мерчемделип, "Манас" аэропортуна кетчү жолдо өткөрүлөт. Мелдеш 14-апрелге белгиленген", — деди уюштуруучу.
Ошондой эле ал жарышка катышууну каалагандардын саны көп болгондуктан, катыша турчу 1500 киши топтолуп, каттоо 2-мартта аяктаганын кошумчалады.