Радио

Абдиева: кичинесинде китеп окубаган баланы чоңойгондо кызыктыруу кыйын

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын башкы китепканачысы Алия Абдиева баланын китепке болгон кызыгуусуна айланасындагы адамдар себепчи экенин айтты.
Sputnik
Абдиева: кичинесинде китеп окубаган баланы чоңойгондо кызыктыруу кыйын

Бала тили чыккан кезден тарта эле ага сүрөтү бар китептерди көрсөтүп, тааныштыруу зарыл. Мындай пикирин Алия Абдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала кичинесинде китеп окубаса, бой жеткенде китепке болгон кызыгуусу кыйын.

"Бала тили чыгып, айлана-чөйрөнү байкай баштаганда эле ата-энеси сүрөттүү китептер менен тааныштырып, сүрөт тарттырып, кыска-кыска сөздөрдү окуп бериш керек. Бул нерселер баланын калыптанышына чоң таасирин тийгизет. Китеп окуу үйдөн башталат. Баланы кичинесинен тарта китепке болгон кызыгуусун пайда кылбаса, ал кийин чоңойгондо деле китеп окубайт. Алардын китеп окушуна ата-эне жана айланасындагы кишилер себепчи болот", — деди Абдиева.

Ал мүмкүнчүлүгү чектелген баланы китеп окуганга тартуу кыйыныраак экенин кошумчалады.