Асылбек Жээнбеков КСДП катарынан чыкканын жар салды

Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында билдирүү жасады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катарынан чыкканын жар салды.

Ушу тапта Жогорку Кеңеште жыйын өтүп жатат.

Жээнбеков өз сөзүндө КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергесин тийгизбеши абзел экенин белгиледи. 

"Мен өмүр бою КСДПга мүчө болуп жүрөм деп ойлогом, ага чейин бир да партияга мүчө болгон эмесмин, бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген ушул экен. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсан катары Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан чыгуу чечимин кабыл алганымды расмий жарыялайм. Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолу, жалпы мамлекеттик кызыкчылыгы тараза ташына коюлуп жаткан шарттарда бул кадамым туура деп эсептейм", — деди ал. 

Жээнбековдун депутаттык ишмердүүлүгү парламенттеги фракцияда улана бермекчи.

Эл өкүлү бүгүнкү күнү КСДП ички интригалардын айынан өзүнүн милдитен так аткара албай калганына токтолду. Жаман жосундарга аны да аралаштыруу аракети көрүлүп жатканын айтып, мындайга ал такыр аралашпай турганын белгиледи.