Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант

Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Таттыбүбү Турсунбаеванын архивдик сүрөттөрүн топтоду. Сүрөттөр актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев жана фотограф Александр Федоров тарабынан берилди.

Турсунбаевдин айтымында, карындашынын бир топ сүрөттөрү ал каза болгондон кийин жоголуп кеткен.

"Таттыбүбү көз жумганда балдары жаш эле, анан сураган кишиге эле сүрөттөрүн бере беришкен. Кийин биз жарыя кылып, кайрадан элден сүрөттөрүн чогултуп алганга аракет кылдык", — деди Турсунбаев.

90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой
Жашында жайраган жакшылар. Алыкул 35, Таттыбүбү 37, Чубак 33 жашында дүйнө салган...
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июнда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. 16 жашында алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч.Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Акмөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.

Турсунбаева убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.